Жарыяланган
2023-25-12, 07:02Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 41 субъектиге 4,7 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Эске сала кетсек, 2023-жылы калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 1 млрд сомду түзөт.