akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-02-07, 06:11

    «Жунданы» модернизациялоого 160 млн доллардан ашык каражат сарпталат

    Президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Талантбек Иманов менен “Central Asian Energy Company” ЖЧК башкармалыгынын төрагасы Хуан Цян “Чайна Петрол Компани” ЖЧК “Жунда” мунай иштетүүчү заводун капиталдык оңдоо жана модернизациялоо боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюшту.

    Жалпы инвестициянын көлөмү 160 млн доллардан ашты. 

    Инвестициялык макулдашуу Чүй облусундагы бензин, дизелдик отун жана суюлтулган газ өндүрүүчү нефтини кайра иштетүүчү заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга багытталган.

    Бул долбоордун ишке ашырылышы нефтини кайра иштетүүчү заводдун техникалык абалынын бир топ жакшырышына алып келет, бул анын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

    Белгилей кетсек, “Жунда” ЖЧКсынын курулушу учурда Кыргызстандагыэң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат.