Жарыяланган
2024-03-10, 14:15Мурдагы "Нарын эт комбинаты" ишканасынын 114 млн сомдон ашык төрт гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык. 1999-2000-жылдары "Нарын эт комбинаты" мамлекеттик акционердик коомунун кыймылсыз объекттери Б.И.Б аттуу жаран тарабынан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен төмөндөтүлгөн баада жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган. 2002-жылы Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан Б.И.Б.ге Нарын эт комбинатынын жер участогуна ээлик кылуу укугу бекитилген.
Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймакта эки өнөр жай ишканасын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.
"Алар Нарын шаарынын жана ага жакын жайгашкан калктуу пункттардын жашоочулары үчүн жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзүп, бул региондун бюджетине каражаттардын түшүүсүнүн өсүшүнө да оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.