Жарыяланган
2024-26-11, 10:27Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырып, ал бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.
Эсептик чен – инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.