akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-27-09, 18:45

    Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү алмашканын «Акчабардын» өздүк булактары билдирди

    Кыргызстандын Улуттук банкы башкармалыктын мүчөсүн алмаштырды. Бул тууралуу "Акчабардын" өздүк булактары билдирди.

    Басылмабызга маалым болгондой, башкармалыкка Жылдыз Сулайманбекова жаңы мүчө болду. Ал буга чейин Мамлекеттик өнүктүрүү банкында долбоордун менеджери кызматын аркалаган.

    Маалыматка караганда, Сулайманбекова 30 жылдан ашуун убакыттан бери Улуттук банкта иштеген Раушан Сейткасымованын ордуна келди.


    Тектеш материалды окуу