Жарыяланган
2024-26-11, 15:00Кыргызстанда 30-ноябрь айрым мамлекеттик органдар үчүн иш күнү деп жарыяланды.
"Токтом" порталында маалымдалгандай, салык кызматкерлери, бажы кызматы жана Борбордук казыналыгы үчүн Эмгек кодексинде каралган компенсациялар менен иш күнү болуп белгиленген. Демилге мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатын көздөйт.
Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга дагы ушул ишембини иш күнү деп жарыялоо сунушталды.