Жарыяланган
2024-27-11, 09:27Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы «Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентин (ТР ТС 009/2011) ишке ашыруу жана колдонуу боюнча камсыз кылган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул өзгөртүүлөрдүн негизинде бир жаңы мамлекеттер аралык стандарт иштелип чыгат жана эки учурдагы стандарт кайра каралат. Ал эми 15 позиция боюнча мамлекеттер аралык стандарттар мурунтан эле иштелип чыккандыктан, алар программа менен чыгарылат. Жаңы иштелип чыгуучу стандарт парфюмерия-косметикалык продукциянын микробиологиялык көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөө тармагына тиешелүү. Ал эми кайра каралуучу стандарттар парфюмерия-косметикалык продукциянын упаковкасы жана парфюмерия-косметикалык продукцияны даярдоочу наборлор менен жыт сезүү жөндөмүн өрчүтүүчү настолдук оюндар боюнча. Бул стандарттар EN стандарттарынын жаңыртылган версиясын эске алуу менен актуалдаштырылат.