akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-09-01, 12:00

    Кулпунай өстүрүү менен көп киреше тапкан дыйкан аныкталды

    Кыргызстанда кулпунай өстүрүү менен көп киреше тапкан дыйкан аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, фермер Нурбек Отогонов 1 гектар жерге кулпунай тигип, 37 тонна түшүм алган.

    Жакшы киреше табууну каалаган багбандарга 29-январга чейин айыл чарба министрлигине кайрылуу сунушталат.

    "29-январда саат 10:00дө И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта ийгилик жараткан адистер жана фермерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен бөлүшөт", - деп айтылат маалыматта.


    Тектеш материалды окуу