akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-09-10, 14:20

    Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин 39 партия тапшырды

    Кыргызстандагы 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин 39 партия тапшырды. 

    Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 993 мандатка 5 миңден ашуун талапкер туура келүүдө. Эң көп, тагыраагы, 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргондо катышууда. 

    Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия шайланышы күтулүп жатат. 

    Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларында 3 партия катышууда. 

    Ал эми башка шаарларда 4төн 8ге чейин саясий уюмдун өкүлдөрү бар. 

    Эми 10 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин текшерип, каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарат.


    Тектеш материалды окуу