Жарыяланган
2023-11-04, 04:48Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 1,7 миллиард долларды түздү, - деп билдирди Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү Зайнидин Жумалиев.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөм 22,7%га өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 2,2%га, импорттук түшүүлөр 27,2%га көбөйгөн.
Ошону менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү 545,3 миллион долларды түзүп, 2022-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 11%га азайган.
"Бул импорттук түшүүлөрдүн 18,6%га азайышына байланыштуу. Ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 14,3%га өстү", - деди Жумалиев.
Ал кошумчалагандай, Кыргызстан эң көп Орусия (61,6%) жана Казакстан (35,5%) менен соода жүргүзгөн.