akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Www

    Жарыяланган

    2023-13-01, 04:47

    Тышкы жана өз ара сооданын көлөмү 10,6 млрд долларды түздү

    Кыргызстандын 2022-жылдын январь-ноябрь айларындагы тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 10,6 миллиард долларды түздү, деп билдирди Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Бактыбек Кудайбергенов.

    2021-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу көлөм 40,4%га өскөн.

    Мында экспорттук жеткирүүлөр 22,4%га кыскарган, ал эми импорттук түшүүлөр, тескерисинче, 1,7 эсеге өскөн.

    2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 4,2 миллиард долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,2%га өстү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 1,9 эсеге, импорттук түшүүлөр 1,2 эсеге өскөн.

    2022-жылдын январь-ноябрь айларында республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,8%) жана Казакстанга (25,9%) туура келген.