akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-27-09, 16:12

    Онлайн насыя берүүдө акча которуу мөөнөтүн аныктоо сунушталды

    Улуттук банк онлайн насыя берүүдө акчаны которуу мөөнөтүн аныктоону сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

    Мындай чара алдамчылар менен күрөшүү максатында көрүлүүдө. 

    Сунушка ылайык, насыя каттоого тапшырык түшкөндөн баштап акчаны которууга чейин мөөнөт өтүшү керек. Алсак, 50 миң сомго чейин насыя алууда 3 саат убакыт өтүшү шарт, 100 миң сомго чейин 6 саат жана 100 миң сомдон өйдө 24 саат. 

    Ошондой эле каржылык мекеменин кызматкери белгиленген убакыттан кийин кардарга телефон чалып кайрылууну тастыкташы керектиги белгиленген.


    Тектеш материалды окуу