akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-24-09, 09:15

    Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат

    Кыргызстан Ысык-Көл айланма жолунун курулушуна Азия өнүктүрүү банкынан 109,5 млн доллар алат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Абсаттар Сыргабаев 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде билдирди. 

    Маалыматка ылайык, каражаттын 87 млн доллары насыя, калган 22 млн доллардан ашыгыраагы грант катары берилет. 

    Кредитти 32 жылда кайтарып бериш керек. Каражатка Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 75 чакырымдан ашык бөлүгүн салынат.

    Депутаттар насыя алуу боюнча документти колдоду. 


    Тектеш материалды окуу