Жарыяланган
2025-01-04, 14:28Азия өнүктүрүү банкы энергетика, ирригация системасы, климаттык долбоорлорго жана муниципалдык имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун камсыздоо боюнча сегиз долбоор үчүн 222 миллион доллар бөлөт.
Каржы министринин орун басары Улукбек Календеров билдиргендей, анын 147 миллион доллары насыя, 75 миллион доллары грант болот/ Банк насыяны сегиз жылдык жеңилдетүү менен 32 жылга берет.
Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо мыйзамы парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде экинчи окуудан өттү.