Жарыяланган
2024-05-12, 17:52Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө экологияны жакшыртууга 56 миллион доллар бөлөт. Президент Садыр Жапаров макулдашууну ратификациялады.
Долбоордун алкагында Чолпон-Ата шаарында канализациялык тазалоочу курулмалар пайда болот.
Андан тышкары, 11 чакырым веложол, тарых музейи жана үч эс алуу паркы курулат.
Ошондой эле бөлүнгөн каражат туризм объектилериндеги инфраструктураны жакшыртууга багытталат.