Жарыяланган
2024-25-11, 09:15Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн долларлык колдоо көрсөтөт. Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, каражаттын 43 млн доллары насыя, 7 млн доллары грант түрүндө берилет.
Келишим боюнча, акча түздөн-түз республиканын бюджетине жөнөтүлөт. Аны Министрлер кабинети Жогорку Кеңеш менен макулдашып өздөштүрөт.