akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-08-01, 08:30

    Орусияда миграциялык мыйзамдар өзгөрдү

    1-январдан баштап чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылды.

    Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эскерткендей, бул аталган өлкөдө тиешелүү уруксат документтери - убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү болот.

    Мындан тышкары, ушул жылдын 5-февралында Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирет. Ага ылайык, аймакта жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат. 


    Тектеш материалды окуу