Жарыяланган
2025-29-01, 16:32Орусияда жүргөн кыргызстандыктар 1-апрелге чейин укуктук статусун аныктап, документтерин тууралап алышы керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө иштеп жаткан мигранттар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, эмгек келишими, медициналык кароодон өтүү жана каттоого туруу сыяктуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарышы зарыл.
2024-жылдын 1-октябрына карата 377 миңдей кыргызстандык жаран Россияда миграциялык каттоого алынган.