Жарыяланган
2024-13-02, 05:45Ошто туристтер үчүн "Босого" маалымат борбору ачылды.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, мында туристтер кайсы жерлерге баруу керектиги, мейманканалар, гиддер жана логистикалык компаниялар, тамактануучу жайлар, сим-карта алуу, зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги тууралуу маалыматтарды ала алышат.
Эске салсак, ушундай эле маалымат үстөлдөрү Бишкектеги Улуттук тарых музейинде жана "Манас" эл аралык аэропортунда иштеп келет.