Жарыяланган
2025-21-04, 15:01Пенсионер ишенип кат менен башка адамга пенсиясын барып алууга укук бериши мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Соцфонддон белгилешкендей, пенсионер ден соолугуна байланыштуу же чет жакта жүргөндүктөн пенсиясын өзү барып ала албаса, бир адамдын атына ишенип кат жазып, пенсиясын алып кетүүгө укук бере алат.
Ишенип катты бир жылдан ашык мөөнөткө жазып берсе болот. Бирок аны жыл сайын ырастап туруу кажет: нотариус аркылуу кайра күбөлөндүрүү же пенсионер Социалдык фонддун мекемелеринде өздүгүн ырасташы керек.
Ишеним катты түзүүдө тиешелүү маалыматтардын баарын так толтуруу зарыл.