Жарыяланган
2025-21-04, 11:17Кыргызстанда бийик тоолуу шартта жашап, иштеген жарандар 8 жыл эрте пенсияга чыга алат. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.
Анын айтымында, аталган аймактарда эркек кишилер 55 жаштан, аялдар 50 жаштан, үч же андан көп баласы бар энелер 45 жашынан пенсияга чыгууга укуктуу.
Эскерте кетсек, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы аялдар үчүн 58 жашты, эркектер үчүн 63 жашты түзөт.