Жарыяланган
2024-16-04, 05:202023-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 352,8 млрд сом планынын ордуна 357,7 млрд сомду түздү. План 101,4 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Үмүтжан Аманбаев билдирди.
2022-жылга салыштырмалуу киреше 32,3%га өскөн.
Салыктык түшүүлөр план боюнча 262 млрд сом болсо, 266 млрд сом салык түшкөн. Салыктык эмес кирешелер 75,4 млрд сомду (+1,3 млрд сом) түзгөн.
Расмий трансферттер 16,7 млрд сомдук пландын ордуна 16,2 млрд сом суммасында аткарылган. Бул мамлекеттик инвестициялардын 83,1%га азайышына байланыштуу.