Жарыяланган
2023-06-07, 08:05Алты айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 20,1 млрд. сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Белгилеп кетсек, мамлекеттик карыз боюнча төлөмдөрдүн негизги бөлүгүн тышкы карыз камсыздайт- 13 млрд 786,1 млн сом. Өз кезегинде ички карызды жабууга 6 млрд. 409,9 млн. сом сарпталган.
Өткөн жылдын май айынын маалыматтарын кошпогондо салыштырып көрсөк, алар Каржы министрлигинин сайтында жок болгондуктан, төлөмдөрдүн көлөмү 23,3%га өскөн.