akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-09, 13:46

    «Керемет Банктын» башкармалыгын Казакстандан чакырылган адис жетектейт

    "Акчабардын" өздүк булактарынын маалыматына караганда Татьяна Куржей "Керемет Банктын" башкармалыгынын жаңы төрайымы болот. Ал 2018-жылдан бери "Евразия банкы" АКнын Казакстандагы башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

    Жетекчиликтин алмашары боюнча фактыны банктын расмий сайтында директорлор кеңешинин учурдагы төрагасы Тимур Бербаев тууралуу маалыматтын жоктугу тастыктап турат. Азыр ал жерде бир гана орун басарлары көрсөтүлгөн.

    Эске салсак, буга чейин “Акчабар” августтун башында “Керемет банк” Кыргызстандын Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өтүп, азыр анын түзүмүндө чет элдик үлүшү бар экенин жазган.


    Тектеш материалды окуу