Жарыяланган
2019-16-12, 10:15АКШдагы ири эт өндүрүүчү Tyson Foods компаниясы Казакстандагы үч эт өндүрүүчү заводго 5 млрд $ инвестиция жумшайт. Бул тууралуу Kapital.kz басылмасы билдирет.
«Казакстандагы Tyson Foods иш планы – үч заводту кезек менен куруу. Уй этин иштетүүчү - эки завод, канаттуулардын этин иштетүүчү – бир завод курулат. Үч завод кезеги менен курулат», – деп айтты Казакстандын айыл чарба министрлиги Сапархан Омаров.
Заводтун курулуш иштери 2020-жылы башталып, инвестор тарабынан 1.25 млрд $ каражат которулат.
Маалыматка ылайык, Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин АКШга болгон иш сапарында Tyson Foods компаниясы менен ззаманбап индустрияны өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлган.