akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-16-10, 08:15

    Шайлоо: аралыктан добуш берүү үчүн 10 тилке ачылат

    Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн 10 тилке ачылат.

    Боршайкомдун маалыматына ылайык, алардын төртү Бишкекте болсо, бирден участок Ош, Жалал-Абад, Баткен, Каракол, Нарын жана Таласта жайгашат. Арыздардын санына жараша кошумча тилкелерди ачуу пландалууда.

    БШКдан белгилешкендей, учурда добуш берүүчүлөрдүн тизмеси такталып, аралыктан добуш берүүнү каалагандарды каттоо жүрүүдө. Жарандарга өздөрүн тизмеден тактап, зарыл болсо, өзгөртүү киргизүү сунушталат. 


    Тектеш материалды окуу