Жарыяланган
2024-25-10, 13:58Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш бере тургандарды каттоо 1-ноябрга чейин жүрөт. БШК маалыматына ылайык, алар белгиленген арыз кабыл алуу жайларына кайрылышы керек.
Ошондой эле маалыматтык порталдагы “Шайлоочунун кабинети” аркылуу арыз калтырса болот. Анын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы жаранга шайлоо участкасын аныктап берет.
Эске салсак, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт.