Жарыяланган
2024-18-11, 16:12Кыргызстанда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат.
БШКдан билдиришкендей, учурда добуштарды кол менен эсептөө иштери аяктады. Эми аны аймактык шайлоо комияссиялары Боршайкомго тапшырышы керек.
Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгына ылайык, “Жаңы Кыргызстан”, “Жаңы күч”, “Ынтымак”, “Адилет”, “Эмгек” деп аталган партиялар шайлоого катышкан бардык жерден босого чектен өткөн.