Жарыяланган
2025-18-04, 18:00Социалдык фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өкмөт башчы кол койгон документке ылайык, мекеменин жетекчисине Соцфонддун, анын бөлүмдөрүнүн жана аймактагы органдарынын кызматкерлерине, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына Социалдык фонддун өнүктүрүү фондунун каражаттарынан ай сайын дем берүүчү төлөмдөрдү жана бир айлык эмгек акы фондунан ашпаган өлчөмдө сыйлыктарды, транспорттук чыгымдар үчүн 2000 сом өлчөмүндө (нөөмөттүк унаа бекитилип берилген кызматкерлерди кошпогондо) жана тамак-аш үчүн 5000 сом өлчөмүндө ай сайын компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле бир жолку сый акыларды төлөө жана материалдык жардам көрсөтүү укугу берилет.
Бул токтом 12-мартынан тартып күчүнө кирет.