akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-01-08, 09:35

    Жыл башынан бери “Манас” аэропортунун акциясынын баасы 3,5% арзандады

    Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда “Манас эл аралык аэропорту” ААКнын жөнөкөй акциялары менен ири бүтүм катталды.

    Сооданын жүрүшүндө бүтүмдүн суммасы 4 млн 102,4 миң сомду түзүп, жалпысынан 5 миң 128 акция сатылган. Бир нускасы 820 сом болду.

    Белгилеп кетсек, “Манастын” баалуу кагазынын наркы жыл башына салыштырмалуу 3,5%га төмөндөгөн.