akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-08-09, 10:28

    «Манас» аэропортунун акцияларынын баасы 7%га арзандады

    Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда “Манас" Эл аралык аэропорту” ААКнын жөнөкөй акциялары менен эки бүтүм катталды.

    Сооданын жүрүшүндө бүтүмдүн суммасы 1 миллион 102 миң 700 сомду түзүп, жалпысынан 1 миң 449 акция сатылды. Бир нускасы 761,01 сом болду.

    4-сентябрдагы соодага салыштырмалуу акциянын баасы 7%га төмөндөдү.