akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Акчабар

    Жарыяланган

    2020-18-12, 05:05

    Таласта салык төлөөдөн качкан ЖЧКнын бири аныкталды

    Таластагы Жоопкерчилиги чектелген коомдордун бири милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөй келишкен. Мунун натыйжасында бюджетке 5 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. 

    [news 30913]

     

    «Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген», - деп жазылат маалыматта. 


    Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


    Тергөө уланып жатат.

     


    Тектеш материалды окуу