akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-05-08, 05:25

    Театралдык оюн-зоок мекемелеринен 46 млн сомдой киреше түштү

    Жыл башынан бери театралдык оюн-зоок мекемелери 46 млн сомдон ашык киреше алып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

    Анын айтымында, каражаттар төмөнкү булактардан түшкөн:

    • спектаклдерден/концерттерден түшкөн киреше – 27 млн ​​65 миң 69 сом;
    • ижарага берүүдөн түшкөн киреше – 18 млн 182 миң 915 сом;
    • башка булактардан – 1 млн 276 миң 10 сом.

    “2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында театралдык оюн-зоок мекемелери 499 миң 570 көрүүчүгө кызмат көрсөтсө, жалпысынан 1 миң 755 спектакль коюлган”, - деди ал.

     

     


    Тектеш материалды окуу