akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-03-10, 14:45

    Жыл башынан бери 2,5 миңге жакын ишкерге 2,4 млрд сомго кепилдик берилди

    Жыл башынан бери “Кепилдик фонду” ААК 2 миң 479 ишкерге 2 млрд 484 млн сомго кепилдик берди. Бул тууралуу аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

    Маалыматка ылайык, 2016-жылдан 2024-жылдын 30-сентябрына чейин мамлекеттик ишкананын бардык ишмердүүлүгүндө "Кепилдик фонду" тарабынан ишкердик субъекттерге гарантиялык колдоо көрсөтүлүп, 10 млрд 601 млн сомдон ашык суммага 10 миң 645 кепилдик берилген. Натыйжада ата мекендик бизнес 32 млрд 866 млн сомдон ашык кредит алышкан.

    “Өткөн жылдардагыдай эле аймактарда ишкерлерди колдоо биздин ишмердүүлүктө артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Айыл чарба тармагына, өнөр жайга, туризмге, ипотекага, ошондой эле экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга өзгөчө көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө берилген кепилдиктердин жалпы санынын 88%ы аймактарга жөнөтүлдү” – деп белгиледи Абакиров.


    Тектеш материалды окуу