Жарыяланган
2024-01-10, 15:00Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Улан Карыпбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ведомствонун буга чейинки жетекчиси, коррупцияга шектелип камакка алынган Рустам Жокоев кызматтан бошотулду.