Жарыяланган
2024-28-11, 15:54Кыргызстанда үч миң жумушсуз адам кесиптик көндүмдөрүн жогорулата алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, долбоор республиканын 30 районунда ишке ашат. Пилоттук проектти Дүйнөлүк банк колдойт.
Программанын алкагында үч миңдей жумушу жок адам тажрыйба топтоо максатында стажировкага кабыл алынат. Аларды 150дөн ашык компания кабыл алууга даяр.
Дем берүү үчүн ар бир катышуучуга айына 8 миң 600 сомду түзгөн стипендия бөлүнөт. Стажировка жарым жылга созулат. Арыз берүү үчүн Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.