akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-06-05, 05:19

    Студенттер стартаптарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат

    Билим берүү жана илим министрлиги жаштардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө дем берүү жана бизнес-идеяларды андан ары илгерилетүү максатында жогорку окуу жайларында стартап-долбоорлорго сынак жарыялайт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. 

    Стартап-долбоорлор төмөнкү тематикалык багыттар боюнча тандалып алынат:

    • маалыматтык / санариптик технологиялар;
    • медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары;
    • жаңы материалдар жана химиялык технологиялар;
    • интеллектуалдык өндүрүш технологиялары;
    • биотехнология;
    • ресурстарды үнөмдөөчү энергетика;
    • агрардык технологиялар;
    • жашыл экономика;
    • чыгармачыл тармактар;
    • тейлөө тармагы.

    Документтердин топтому startupkg1@gmail.com электрондук жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Кошумча маалыматты 0708 888 063 номуру аркылуу алууга болот.

    Документтер 2024-жылдын 10-майынан 10-августуна чейин кабыл алынат.


    Тектеш материалды окуу