akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-01-08, 08:47

    KARVENдин негиздөөчүсү Генрих Балян «Керемет Банктагы» үлүшүн сатты

    Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтында "Керемет Банк" ААКнын жөнөкөй акциялары менен ири бүтүм катталды.

    Экинчи рынокто банктын 780 миң 755 акциясы 58 миллион 556,6 миң сомго сатылды. Бул 86 млн 987,5 миң акцияны түзгөн акциянын бардык пакетинин 0,9% түзөт. Бир баалуу кагаздын баасы 75 сом болду. Бул учурда акциялардын номиналдык баасы 100 сомду түзөт. Ошентип, акциялар номиналдык нарктан 25% төмөн сатылган.

    Белгилеп кетсек, 780,6 миң акция Генрих Балянга тиешелүү болгон. Ачык булактардан ал Венгрия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу, ошондой эле KARVEN компаниялар тобунун негиздөөчүсү экени белгилүү.


    Тектеш материалды окуу