akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-11-10, 13:40

    Унааны кайра каттоо үчүн ОСАГО талап кылынбайт

    Унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт. Мындай маалыматты Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик таратты.

    Белгиленгендей, машинени кайра каттоо үчүн адамдын кимдигин тастыктаган документ, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү жана салык мезгили үчүн төлөм квитанциясы жетиштүү.

    Белгилеп кетсек, документтерди Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө да тапшырса болот. Ал эми жубайлардын биргелешкен менчигиндеги транспорт каражатын кайра каттоодо жубайынын макулдугу керек.


    Тектеш материалды окуу