Жарыяланган
2024-19-10, 11:20Айыл чарбасын каттоо жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттен 16,5 миллион сом бөлүндү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, пилоттук долбоор 18-ноябрдан 7-декабрга чейин Ош облусунун Араван районунда, Ысык-Ата районунун Красная речка, Милянфан айылдарында өтөт.
Учурда каттоочулар атайын окутуудан өтүп жатат.
Эске салсак, кийинки жылы айыл чарбасын каттоо бүткүл республика боюнча өтөт.