akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2023-11-05, 02:59

    Алтындын унцийи 6,8 долларга кымбаттады

    Бир сутка ичинде Улуттук банк чыгарган алтындын бир унцийи дагы 594 сомго кымбаттады. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

    Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 183 миң 526 сомго сатып алууда. Бир күн мурун, 10-майда кайра сатып алуу баасы 182 932 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 6,8 долларга жогорулады.

    Кошумчалай кетсек, 11-майга карата алынган маалымат боюнча Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 186 миң 279 сомдон сатып алууга болот.