Жарыяланган
2024-26-07, 03:30Бүгүн Улуттук банктын 31,1035 грамм салмактагы алтынынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 204 миң 749 сом деп белгиленди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Кечээ, 25-июлда алтын куймасынын баасы 209 миң 635,5 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде унций 4 миң 886,5 сомго, же 58,03 долларга арзандады.
26-июлга карата Улуттук банк алтын унцийинин сатуу баасы 208 миң 773,5 сомду түздү.