akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Кабмин КР

    Жарыяланган

    2024-20-08, 04:20

    Былтыр Кыргызстан менен Франциянын соода жүгүртүүсү 200 млн долларга жеткен

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус менен анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.

    Акылбек Жапаров француз тарапты Парижде жайкы Олимпиада оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, бул оюндар Кыргызстан үчүн тарыхый болуп калганын, Кыргызстандын курамасы 6 медаль жеңип алганын белгиледи.

    Кыргыз-француз мамилелерине токтолгон Министрлер кабинетинин башчысы эки өлкөнүн конструктивдүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле 2023-жылдын аягында өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү 3,6 эсеге өсүп, 200 миллион еврого жеткенин белгиледи.

    Мындан тышкары, 2023-окуу жылында Франциянын жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 122 студенттин кабыл алынышы жакшы маанайда белгиленип, бул билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташуунун айкын мисалы экендиги айтылды. 

    Өз кезегинде Франциянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын баса белгилеп, туризм, энергетика жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты артыкчылыктуу багыт катары белгиледи.
    Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданий борборлорду түзүүнүн жана иштөөнүн перспективалары боюнча пикир алышты.

     


    Тектеш материалды окуу