akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-02-08, 08:13

    Кыргызстан быйыл көмүрдү азыраак импорттойт

    2024-жылы Кыргызстан жылытуу мезгилине азыраак, 250 миң тонна көмүр импорттойт. Бул тууралуу маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

    Эске салсак, 2023-жылы Кыргызстан 550 миң тонна көмүр алып келген. 

    “Биз башка өлкөлөрдөн келген көмүр импортунун көлөмүн азайта баштайбыз. Күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн өлкөгө 2,6 млн тонна көмүр керек, дагы 750 миң тонна көмүр жергиликтүү шахталардан алынат”, - деди министр.

    Кошумчалай кетсек, бюджеттик мекемелерге 312,2 миң тонна көмүр керектелет:

    • Калк үчүн – 1,3 млн тонна көмүр.
    • Бишкек Жылуулук электр борборуна 1 млн тонна көмүр керектелет.