Бишкекте салыктар боюнча “Бизнес-билим кербени” өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты.
Маалыматтык жолугушуу 29-мартта болот.
Иш-чаранын темалары:
- Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр;
- чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдери;
- кассалык машинаны колдонуу эрежелери;
- электрондук кампаны жана ЭТТНны колдонуу эрежелери;
- электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби;
- ЭСФти каттоонун тартиби жана жол-жобосу;
- салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча электрондук отчетторду өз алдынча берүү;
- мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө мораторий жана жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү.
Белгилеп кетсек, буга чейин аталган иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлгөн.
Аны Экономика жана коммерция министрлиги JIA Бизнес Ассоциациясы жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте уюштурган.