Жарыяланган
2022-08-06, 06:06Бишкекте 2022-жылдын 13-15-июнунда Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясы өтөт. Бул тууралуу кыргыз-орус өнүктүрүү фонду билдирди.
Бизнес-миссияны КОӨФ Россиянын Экспорттук борбору менен биргеликте ишке ашырат.
Максаты - ишкерлер ортосунда байланыштарды түзүү, Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө, келишимдерди түзүү.
“Учурда иш-чарага катышуу үчүн Орусия, Кыргызстан жана Казакстандан 80ге жакын компания катталды. Алардын арасында өнөр жай, энергетика, банк, айыл чарба жана илим тармагынын өкүлдөрү бар”, - деп белгиледи КОӨФ.
Бизнес-миссиянын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, “РОСЭКСИМБАНК” ААК Башкармалыгынын төрагасы Азер Талыбов жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдун катышуусу күтүлүүдө.