akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-09-07, 07:17

    Кыргызстанда көйгөйлүү насыялардын саны өсүүдө

    Керектөө кредиттеринин өсүшү банктардын финансылык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизе баштады. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (EФСР) аймактык экономикалык баяндамасында айтылат.

    Классификацияланган (көйгөйлүү) кредиттердин үлүшү 9,2%дан 10,4%га (абсолюттук мааниде - 15,4%га) көбөйдү, бул негизинен кайтарылбай калуу тобокелдиги жогору же карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоо белгилери байкалган кредиттердин эсебинен болду. 

    Алсак, мөөнөтү өтүп кеткен кредиттердин көлөмү жыл башынан бери 8,0%га өстү, бул биринчи кезекте керектөө кредиттеринин эсебинен көбөйгөн. Бул белгилүү бир тобокелдиктерди алып келет. 


    Тектеш материалды окуу