Жарыяланган
2023-02-03, 04:38Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы токтому менен Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы 2202 товардык позициясында классификацияланган энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын ставкасы 10 эсе төмөндөтүлдү.
2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде акциздик салыктын ставкасы 1 литрге 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт. 2024-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сомду түзөт.
"Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январынан тартып энергетикалык алкоголсуз суусундуктарды милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет", — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.
Белгилеп кетсек, алкоголсуз суусундуктарды маркировкалоо товарлардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу эффективдүү механизм болуп саналат жана калкты контрафакттык продукцияны керектөөдөн коргоого багытталган.