Жарыяланган
2022-17-01, 09:11Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта Мамлекеттик салык кызматы тамеки каражаттарына акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
1-февралдан тарта алкоголдук продукция боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Долбоор 2022-жылдын 1-июлуна чейин иштейт.
“Долбоорду Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырат. Долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтөт жана жөнөкөйлөтөт, милдеттүү маркалоого тийиштүү акциздик товарларды өндүрүү, импорттоо менен алектенген субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзөт”, - деп түшүндүрүштү Салык кызматы.
Мындан тышкары, долбоордун жүрүшүндө алкоголдук жана тамеки продукцияларына же алардын таңгагына идентификациялоо каражаттарын колдонуу аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдери апробацияланат.