akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-30-10, 16:22

    «Элдик Банктын» башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду

    “Элдик Банктын” башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Турсунбек Шакиров менен Фарида Даузова директорлор кеңешинин курамына 24-октябрда киришти. Алар ошондой эле башкаруучу директорлук кызматты аркалашат.

    Турсунбек Шакиров 2023-жылдын февралына чейин банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп, мурда MBank жана KICB банктарында иштегени белгилүү. Фарида Даузова да MBankта иштеген.


    Тектеш материалды окуу